АСТРОДИНАМИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:58, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АСТРОДИНАМИКА (астро... ж-а динамика ) ‒ асман механикасынын бир бөлүмү. Ал космос аппаратынын ‒ Күндүн, планеталардын жасалма жандоочторунун, о. эле планеталар аралык станциялардын, жылдыздар аралык зонддордун ж. б-дын кыймыл аракетин үйрөтөт. А. «космодинамика», «асман баллистикасы», «космоско учуу механикасы» деп да аталат. Жердин биринчи жасалма жандоочусу учурулгандан кийин (СССР, 1957) тез өнүгө баштаган. Классикалык асман механикасында Ньютондун тартылуу закону б-ча асман нерселеринин өз ара тартылышы айтылса, А-да ага кошумча Жер атм-сынын каршылыгы, күн нурунун басымы, Жердин магнит талаасы, космос аппараттарынын автоматтык түрдө же болбосо Жерден берилген буйрук б-ча башкарыла тургандыгы эске алынат.