Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДЫН АЛГАЧКЫ АБАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:19, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– жылдыздар пайда болуучу телолордун шарттуу аталышы. Жылдыздардын алгачкы абалы ж-дөгү түшүнүк 1947–48-ж-дарда В. А. Амбарцумян м-н Б. Е. Маркарян түзгөн жылдыз бирикмелери ж-дөгү теорияга байланыштуу пайда болгон. Жылдыз бирикмелери жылдыздардын бир калыпта эмес бөлүштүрүлүшү м-н мүнөздөлөт. Зор 0-бирикмелердин тыгыз жылдыз топторунан турган бир нече ядролору бар. Ал топтор төмөнкүлөр: чачыранды жылдыз чогулмалары, Орион трапециясы тибиндеги эселүү жылдыздар ж-а жарыктануучулугу жогорку ысык жылдыздардан турган жылдыз чынжырлары. Бул топтор туруктуу эмес, «жаш» жылдыздардан туруп, тез эле ажырап кетет, алар жылдыз жаралуунун борбору болушу мүмкүн. Жылдыз бирикмелеринин бир эле убакта ушул сыяктуу бир нече борборлору болот. Жылдыз бирикмелериндеги бириндеген жылдыздар мурда болгон жылдыз топторунун бузулушунан келип чыгышы ыктымал. Көрсөтүлгөн тыгыз жылдыз топторунун массасы күн массасынан жүздөгөн эсе чоң, бирок сызыктуу өлчөмдөрү салыштырмалуу кичине (1 пкке жакын). Ушул фактылар жылдыз бирикмелериндеги жылдыздар көлөмү кичине (туурасы 0,1 пктен ашпаган), тыгыз телолордон тобу м-н пайда болгон деген натыйжага алып келди. Бул телолор Ж. а. а. деп аталат. Ж. а. а. байкалуучу асман объектилеринин эч бири м-н окшош эмес, бирок анын физ. жаратылышы бизге белгилүү асман телолорунан кескин айырмаланат деп айтууга негиз бар. 


www.galspace.spb.ru