Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ЖАРЫКТАНУУЧУЛУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– жылдыздын убакыттын бирдигинде чыгарган толук энергиясы же абсолюттук жарк этүүсү. Көрүнгөн жылдыз чоңдугу жылдызды мүнөздөй албайт, анткени ал аралыкка байланыштуу, ошондуктан жылдыздын чыныгы мүнөздөмөсү болуп анын жарыктануучулугу эсептелет. Күндүн жарыктануучулугу (3,8х1026 Вт) жарыктануу бирдиги үчүн кабыл алынган. Ж. ж. ар түрдүү. Мис., S Алтын балык зор жылдыздын жарыктануучулугу Күндүкүнөн 500 000 эсе чоң, эң начар кидик жылдыздардыкы ошончо эсе кичине. Жарыктануучулук жылдыз массасынын кубуна пропорциялаш болгондуктан, ал жылдыз массаларын аныктоодо колдонулат. Ал үчүн жарыктануучулук классы түзүлгөн: 0 – эң жарык жылдыздар; Iа – жарыктануучулугу жогору чоң алптар; Iв – жарыктануучулугу төмөн чоң алптар; II – жаркырак алптар; III – нормалдуу алптар; IV – субалптар; V – башкы удаалаштыктагы жылдыздар. 


st.gdefon.ru www. st.gdefon.ru