Тармактык Энциклопедия:ЖАЛПЫ САЛЫШТЫРМАЛУУЛУК ТЕОРИЯСЫ
Jump to navigation
Jump to search
– Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун массанын өз ара аракетинин таасиринде жарык ылдамдыгына жакын ылдамдык м-н кыймылдаган учурун жалпылайт. Анын негизги постулаты инерциялык ж-а тартылуу (гравитациялык) массаларынын бирдейлигинен келип чыгат; бардык ылдамдануу мейкиндик-убакыттын метрикасына байланыштуу болот деп эсептейт. Ж. с. т. б-ча оордук талаасындагы кыймыл инерция б-ча эркин кыймыл м-н тең күчтө, б.а. нерсенин Жерге түшүшү, планеталардын Күндүн айланасында кыймылдашы инерция б-ча болот. Классикалык механикада инерция б-ча кыймыл түз сызыктуу ж-а бир калыпта болот, ал эми планеталар эллипс б-ча кыйымылдайт, нерсе Жерге ылдамдануу м-н түшөт. Себеби эркин кыймыл ж-дөгү классикалык түшүнүк эч кандай материя болбогон бош мейкиндикке байланышкан Күндөн алыстаган сайын материянын таасири азаят, орбиталардын радиусу чоңоёт, ийрилиги кичиреет. Жерден алыстаган сайын ага түшүүчү нерсенин ылдамдануусу да азаят. Бирок материясы жок мейкиндик болбойт. Мейкиндик м-н убакыттын чыныгы касиеттери материалдык телолордун жанында ж-а алардан алыстаганда бирдей эмес. Ал касиеттер мейкиндиктин ар кандай чекиттеринде ар түрдүү ж-а убакыттын өтүшү м-н өзгөрүп турат. Эйнштейндин тартылуу закону дүйнөнүн геметриясы м-н андагы материянын арасындагы байланышты белгилейт. Тартылуучу массалардын жанында мейкиндиктин ийрилениши ж-а сааттын жүрүшүнүн өзгөрүшү – ушул закондун натыйжасы. Ж. с. т. б-ча жылдыздын оордук талаасындагы атом Жердеги атомго караганда кичине жыштыктагы жарык чыгарат. Ошондуктан жылдыздын спектриндеги бардык сызыктар өтө күчтүү тартылуу талаасында кызыл учуна карай жылышат. Бул кубулуш гравитациялык кызыл жылышуу деп аталат. Меркурийдин перигелийинин кылымдык жылышы ж-а жарык нурларынын Күндүн жанында кыйшаюусу да ушул теория м-н түшүндүрүлөт.