АГЕНТЧИЛИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:02, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГЕНТЧИЛИК (англ. agency) ‒ мамлекеттин, коммерциялык, о. эле жеке адамдардын тапшырмаларын ишке ашыруучу уюм. Соода‒ өнөр жай ишканаларынын, банктардын маркетинг кызматын көрсөтүүчү А-ги да болот. А. өз ишмердигин ишканалардын, мекемелердин ж-а уюмдардын, жеке адамдардын статусуна ж-а багыттарына жараша жүргүзөт. Продукция өндүрүүчү м-н кардарлардын ортосунда да ортомчулук милдетти аткарат. А. төлөм акысы анын иш тапшыруучу м-н түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн принциптерге ж-а тарифтерге ылайык төлөнөт.