Тармактык Энциклопедия:ГРАВИМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:10, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– оордук күчүнүн, ылдамдануусун өлчөөчү курал. Г-дин көпчүлүгү пружиналуу же айланып туруучу так тараза түрүндө жасалат. Өлчөө адегенде оордук күчүнүн ылдамдануусу белгилүү болгон жерде, андан кийин изилденүүчү жерде жүргүзүлөт. Оордук күчүнүн ылдамдануусу g , өлчөөдө пружинанын узундугу l өзгөрөт ж-а ага илинген жүк Dl узундукка жылат. Бул өзгөрүү чоңдугу оордүк күчүнүн өзгөрүү чоңдугунун чени делет. Практикалык өлчөөдө g оордук күчүнүн өзгөрүшүнө Dl дин эң кичине өзгөрүшү туура келет. Мындай эң кичине чоңдукту өлчөөдө оптикалык, фотоэлектрдик ж. б. жолдор колдонулат. Жакшыртылган Г-дин тактыгы миллигалдын он миңдик үлүшүнө жетет. Кен байлыктарды чалгындоодо кварц Г-и колдонулат. Көпчүлүк Г-лер бекем жабылган, темп-расы дайыма бир калыптагы идиштерде ж-а термостаттарда сакталат.



www.gravirazvedka.ru