Тармактык Энциклопедия:ГЕОДЕЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:10, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Жердин формасын, өлчөмүн аныктоочу илим. О. эле жер бетин планга же картага түшүрүү үчүн ченөө жумуштары жүргүзүлөт. Г. жалпысынан жогорку Г-га ж-а Г-га бөлүнөт. Жогорку Г. Жердин келбетин, гравитация талаасын, о.эле Г-лык таяныч торчолорун түзүү ыкмаларын ж-а теориясын изилдейт. Жер эллипсоидинин өлчөмүн, фигурасын аныктоо үчүн 1-класстагы триангуляция пайдаланылат. Г-лык ж-а гравиметриялык өлчөөлөрдүн жыйынтыгы градустук өлчөө делет ж-а ал Жер эллипсоидинии өлчөмүн, геоиддин эллипсоидден четтөөсүн аныктоого мүмкүндүк берет.