Тармактык Энциклопедия:БҮРКҮТ
Jump to navigation
Jump to search
– Альтаир өтө жарык жылдыздуу экватордук топ жылдыз. Негизги жарык жылдыздары асманды көздөй көтөрүлүп бүркүт сынын элестетет. Ал жылдызга жакыны h- цефеид тибине кирген өзгөрмөлүү жылдыз орун алып, 7,18 жер суткасынын ичинде көрүнгөн жылдыз чоңдугу 3,5mнан 4,4mна чейин өзгөрөт. Б. топ жылдызынын арасында начар байкалган кош жылдыздар да бар. Бул топ жылдыздарга тушма-туш жыл сайын радианты a=308°, d=-10°ка барабар метеор агымы байкалат. КМШнын аймагынан жаздын аягында, жайында ж-а күзүндө көрүнөт.