Тармактык Энциклопедия:БИЭЛА КОМЕТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:07, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– 1826-ж. В. Биэла ачкан комета. Ал комета 1772-, 1815­, 1826-, 1832-, 1845-жылдары байкалган. 1845-ж. кометанын өлчөмү чоңоюп экиге бөлүнгөн. Бул эгиз комета 1852-ж. кайрадан бири бирине 2,4 млн. км аралыкка жакындашып, бир ай бою көрүнүп турган да, кийин такыр жок болуп кеткен. Ал комета 1872-ж. да көрүнүүгө тийиш болчу, бирок анын ордуна 1872-ж. 26-нояб. Европадан ж-а Түн. Америкадан учуучу жылдыздардын (метеорлордун) жааны байкалган. Мындан Б. к. метеор агымына айланып кеткен деп болжолдоого болот.