Тармактык Энциклопедия:БИШОП ШАКЕГИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:07, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Күндүн айланасында чоң радиустагы венец; ал сырткы радиусу болжол м-н 22° ж-а эни 10° болгон кызгылт-күрөң шакек түрүндө болот. Күчтүү жанар тоо атылгандан кийин байкалат. Анын пайда болушу газ түспөлдүү заттар атылып, атм-ранын жогорку катмарында кристаллданышы м-н байланышкан. Бул кубулуш аны 1-изилдеген Бишоптун ысымынан аталган.


БИШОП.jpg