Тармактык Энциклопедия:АСТРОНОМИЯЛЫК КООМДОР
Jump to navigation
Jump to search
– астрон. кесиптеги адамдарды ж-а ышкыбоздорду бириктирген коомдук илимий уюм. Бул коом аркылуу илимий изилдөөлөр жалпылаштырылат, астрон. маалыматтар жайылтылат, эл арасына астрон. илимий табылгалар таратылат ж-а астрон. ышкыбоздорго астрон. байкоолор үйрөтүлөт. 1932-ж. көптөгөн астрон. мекемелердин алдында бирдиктүү илимий коомдук уюм – Бүткүл союздук астрономия-геодезиялык коому (ВАГО) түзүлгөн. Көптөгөн планетарийлерде ар түрдүү астрон. байкоолор жүргүзүлөт.