Тармактык Энциклопедия:АСМАН МЕХАНИКАСЫНЫН ТЕСКЕРИ МАСЕЛЕЛЕРИ
Jump to navigation
Jump to search
– космос телолорунун ж-а алардын массаларынын кыймылдары белгилүү болгондо аларга аракет эткен күчтөрдү аныктоочу маселелер. Мис., Жердин жасалма жандоочуларынын кыймылынын негизинде Жердин формасы, андагы заттардын тыгыздыгынын бөлүштүрүлүшү ж-а атм-расынын тыгыздыгы такталган. Айдын жасалма жандоочусунун кыймылынын негизинде Айдын уюлдук ж-а экватордук кысылууларын, о. эле Айдын гравитациялык талаасын мүнөздөөчү чоңдуктар аныкталат.