Тармактык Энциклопедия:АРСАР КҮН
Jump to navigation
Jump to search
– ай арасында аба ырайынын өзгөрүүсү боло турган календардык күн; башталган ишти аягына чыгартпай ара жолдо калтыра турган күн дегенди билдирет, себеби күн бүркөлүп, жаан жаап, аба ырайында өзгөрүүлөр болот. А. к-дү жеткиликтүү чечмелейли: үстүбүздөгү 2004-ж-дын 19-апрель Асманда «Кулжа 1 тогол» айы жаңырды. 1 тогол деген эмне? Кулжа айы жаңырган күнү асмандагы ай Үркөр топ жылдызы м-н 1 күн алкагында тогошуп (жакындашып) калган. Ошондуктан 1 тогол деп аталат. Үркөр болсо батып кетет. 19-апрель күнү кулжа айынын «Ай арасы» ж-а «тогол» аталыштарындагы ай мезгилдери 1 күнгө – 19-апрелге туш келгендиктен күн бүркөлүп, аба ырайында өзгөрүүлөр болгону баарыбызга маалым. Ал эми 2004-ж. 19-майында асманда «Теке 23 тогол» аттуу ай жаңырды. Бул күнү да жаан-чачын болду. Бул ай мезгили Теке айы жаңыргандан 23 күн өткөндө, т. а. 2004-ж. 11-июнуна туура келип, мында да күн бүркөлүп, жаан-чачын болуп өттү.
өрөн Жумаев