Тармактык Энциклопедия:АККУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Түн. жарым шардагы топ жылдыз. Ал асман сферасында учуп бара жаткан Аккууну элестетет. Анын өтө жарык жылдызы Денеб. Денеб жылдызына катарлаш b жылдызы, ага туташ “Түндүк Америка” диффузиялык тумандуулугу жайгашкан. А. топ жылдызынын аймагында дагы эки газ тумандуулугу, о. эле көптөгөн кош жылдыздар кездешет. А-да рентген нурлануусунун эки булагы байкалган, булактын бири кара көңдөй м-н байланыштуу болушу мүмкүн. Бул топ жылдыз КМШнын аймагынан жаздын акырында, жайында ж-а күзүндө көрүнөт. А-дагы жаркырак үч жылдыз элибизде Үч аркар деп аталат.


АККУУ.jpg


www.files.school-collection.edu.ru