Тармактык Энциклопедия:АЙДЫН ТУТУЛУШУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Жердин көлөкөсүндө калган Айдын көрүнүшү. Айдын орбиталык тегиздиги эклиптикалык тегиздикке 5°тук бурч м-н жантайып, алардын кесилишинен эки ай түйүнү пайда болот. Ай Жерди айлануу учурунда Күн м-н Жердин ортосунда болуп, Айдын жаңырышы байкалат. Бул эки шарт А.т-на себеп болот. Ай түйүндүн өзүндө же ага өтө эле чукул болгондо Айдын толук тутулушу, ал эми түйүндөн алысыраак болгондо (Жер көлөкөсүнө Ай толук кирбей) жарым-жартылай тутулушу байкалат. Күндүн нуру Жердин атм-расында сынгандыктан, тутулуунун чоң фазасында Ай кызыл күрөң түстө болуп көрүнөт. Айдын толук тутулушу 1с 40 минга созулат, анткени Жердин көлөкөсү Айдын диаметринен чоң. Айдын тутулушу жыл сайын болуп турат.


АЙДЫН ТУТУЛУШУ.jpg


www.img.beta.rian.ru