АНА-КЫЗЫЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНА-КЫЗЫЛ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Төрткүл айыл округуна караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 17 км түндүк-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 61 км. Деңиз деңгээлинен 845 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 401 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Кыштактын атынын келип чыгышы кыргыз тилинин лейлек говорунда «анна» – жар жана кызыл; «кызыл жардуу жер» маанисине байланыштырылат.