АМРИТСАР
Jump to navigation
Jump to search
АМРИТСАР – Индиянын түндүк-батышындагы шаар. Пенжаб (Панжаб) штатында. Калкы 1,2 млн (2011). Жолдор тоому. 1577-жылы Өлбөстүк көлүнүн (санскритче – амрита сарас) тегерегинде негизделип, сикхтердин башкы диний жана маданий борбору болгон. Aмритсарда сикхтердин эң ыйык «Алтын храмы» (Харимандир; 16-18-кылым) жайгашкан. «Алтын храм» 61-жылы кыйроого учурап, кийин кайра калыбына келтирилген, индустардын Дургиана храмы да бар. Амритсар - өлкөнүн өнөр жай жана соода борбору; текстиль, химиялык машина куруу, болот, прокат, кант өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, металлдан, сөөктөн, булгаарыдан буюм жасоо) өнүккөн.
Р. Карачалова.