АМЕРИКА ФУТБОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:32, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА ФУТБОЛУ – сүйрү топ менен туурасынан 20 чийинге бөлүнгөн төрт бурчтук аянтта (90x49 м) ойнолуучу командалык спорт оюну. Командада 45 оюнчу (чабуулчулар, коргоочулар жана атайын команда) болуп, 11 кишиден ойношот. Оюн 15 мүнөттүк 4 бөлүктөн турат. Америка футболу 1869-70-жылдары АКШда пайда болгон. 1900-жылдан

АМЕРИКА ФУТБОЛУ 48.png

баштап Америка футболу колледж жана университеттердин негизги оюну болуп калган. Анын профессионалдык уюмдары уюшулгандан кийин 1921-жылы Улуттук футболдук лига түзүлгөн. Лиганын эң белгилүү мелдеши – Супер Боул (Суперкубок) кубогу жылына бир жолу өткөрүлөт.