АЛЬДЕГИД ЖАНА КЕТОН КИСЛОТАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬДЕГИД ЖАНА КЕТОН КИСЛОТАЛАРЫ, о к с о к а р б о н к и с л о т а л а р ы же о к с и к и с л о т а л а р – молекулаларында карбоксил (СООН) тобунан башка альдегид же кетон (С=0) топтору бар органикалык бирикмелер. Бул топтун өз ара жайгашышына карата а-, (3-, ү ж. б. оксокарбон кислоталары деп айырмаланат. Алкан карбон кислоталарына салыштырганда күчтүүрөөк кислоталык касиетке ээ. Алар СООН жана СО топторуна мүнөздүү реакцияларга кирет. Альдегид кислотасынын эң жөнөкөйү – глиоксил кислотасы (СНОСООН). Ал түссүз, килкилдек коюу суюктук. Көбүнчө чала бышкан мөмөдө, жемиште болот. Кетон кислоталарынын эң жөнөкөйү - пирожүзүм кислотасы СН3СОСООН түссүз, уксус кислотасы сыяктуу кескин жыты бар суюктук.