АЛЫШПАЕВ Марат Усенович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЫШПАЕВ Марат Усенович (17. 12. 1947-жыл, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы – 3. 4. 2022-жыл, Бишкек шаары). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2006), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1978).

Сүрөт
Алышпаев М.Ү.

Өмүр таржымалы

1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырат, эки жылдан кийин Москва шаарына кетип, 1967 – 1972-жылдары A.В.Луначарский атындагы Россия театр искусствосу институтунун (ГИТИС) актёрдук факультетинде окуган. 1972-жылы студиянын башка бүтүрүүчүлөрү менен Кыргызстанга кайтып келип, жаңы уюшулган Ош драма театрында актёр болуп эмгектене баштаган. Алгачкы эки жылы, театрдын имараты бүтө элек кезде труппа Жалал-Абад шаарында концерт коюп турган (театрды жетектөө көп өтпөй И. Рыскуловго тапшырылган). 1978-жылы Москва шаарындагы театралдык гастролдон кийин Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1978) наамына ээ болгон. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которулган.

1991–1997-жылдары Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын көркөм жетекчиси жана директору, 1997–1999-жылдары театрдын актёру болгон. 1991–2003-жылдары Бишкек шаардык театрынын спектаклдеринде ролдорду аткарган, 2000-жылдардын башында Жаш көрүүчүлөр театрында ойногон.

2003-жылдын октябрь айында К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын (Каракол шаары) көркөм жетекчиси жана директорлугуна которулган. 2008 – 2009-жылдардын жыйынтыгы менен театр мамлекеттик маданият агенттиги тарабынан өлкөдөгү эң ийгиликтүү жамааттардын бири деп табылып, чыгармачылык да, каржылык жактан да бааланган.

2010-жылдын февраль айында Маданият жана маалымат министрлигинин искусствону өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, ошол эле жылдын июнь айында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору болуп дайындалган, 2014-жылдан баштап театрдын актёру болуп иштеген.

Театралдык карьерасында классикалык да, заманбап да репертуардагы көптөгөн ролдорду аткарган. Алар: «Эдипте» Софоклдун, «Гамлетте» Ричард IIIтүн (Кыргызстандагы биринчи спектакль), «Король Лирдеги» Глостердин башкы ролдору, Н. Гоголдун «Ревизор», М. Горькийдин «Түпкү жакта» спектаклдердеги ролдору, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын («Ак кеме», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Кылым карытар бир күн», «Деңиз жээгин бойлой жорткон ала дөбөт», «Чыңгызхандын ак булуту» жана башкалар) негизинде коюлган спектаклдердеги ролдору.

Театрда иштөө менен бирге Г. Базаровдун «Чоңдор үчүн баш калкалоочу жай» (1986), «Аномалия» (1992), «Каракыз» (2003), «Метаморфоза» (2006), «Чыгуу» (2008), «Нонсенс» (2012) жана башка тасмаларда активдүү роль жараткан. «Ата керээзи» (режиссерлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу) тасмасындагы ролдордо ойногон.

2016-жылы Монреал кинофестивалында эң мыкты дебюттук тасма үчүн «Алтын Зенит» сыйлыгын жеңип алган.

Тандалган театр ролдору

·       Гамлет (В. Шекспирдин «Гамлет» пьесасы)

·       Ричард III (В. Шекспирдин «Ричард III» пьесасы)

·       Исабек (Ч. Айтматовдун «Фудзиямадагы кадыр түн» драмасы)

·       Мылгун (Ч. Айтматовдун «Деңиз жээгин бойлой жорткон ала дөбөт» повестинин негизинде коюлган спектакль)

·       Момун (Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде коюлган спектакль)

Тандалган фильмографиясы

·        1987 — «Чоңдор үчүн баш калкалоочу жай»

·        1989 — «Кербез. Каардуу качкын» — Ниязалы

·        1989 — «Аномалия»

·        1992 — «Шайтандын мөөрү»

·        2003 — «Каракыз» — Шамбет

·        2006 — «Сыноо катары сүйүү»

·        2006 — «Метаморфоза»

·        2008 — «Чыгуу»

·        2012 — «Нонсенс — Кожоюн

·        2012 — «Президент жана бомж» — Президент

·        2013 — «Президент жана бомж» — 2

·        2013 — «Москванын сүйүүсү — Кыргызстандын президенти

·        2016 — «Атанын керээзи» — Бек

Сыйлыктары

·        1978 – Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти

·        1983 – Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Кыргыз ССРинин театр ишмерлер союзунун сыйлыгы (В. Шекспирдин «Ричард III» пьесасындагы Ричарддын ролу)

·        1995 — «Манас-1000» медалы

·        1997 — Бишкек шаарында өткөн «Нооруз» фестивалында эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн сыйлык (Ч. Айтматов менен М. Шахановдун «Сократты эскерүү түнү» пьесасы боюнча Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрдын спектаклинде Сократтын ролу)

·        2006 — Кыргыз Республикасынын эл артисти

·        2008 — Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты

Катышкан фестивалдары

·        1983 — Тбилиси шаарында (Грузия) өткөн СССР жаштар театрларынын эл аралык фестивалы («Деңиз жээгин бойлой чуркаган ала дөбөт» спектаклиндеги

Мылгундун ролу)

·        1983 — Кыргыз ССРинин театр ишмерлер союзунун фестивалы (В. Шекспирдин «Ричард III» пьесасындагы Ричарддын ролу)

·        Москва шаарында (Россия) өткөн студенттер менен жаштардын бүткүл дүйнөлүк фестивалы («Деңиз жээгин бойлой чуркаган ала дөбөт» спектакли)

·        1988 — Алма-Ата шаарында (Казакстан) өткөн «Нооруз» эл аралык фестивалы (К. Акматовдун «Ажырашуу түнү» спектакли, Кыргыз академиялык драма театры)

·        1989 — Москва шаарында (Россия) СССР элдеринин достугу театрынын ачылышы (Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» спектакли, Сабитжандын ролу)

·        1990 — Душанбе шаарында (Тажикстан) өткөн «Нооруз-90» фестивалы (Р. Ибрагимбековдун «Петрарка окуулары» спектакли, соттолуучунун ролу)

·        2002 — Москва шаарында (Россия) өткөн бүткүл дүйнөлүк театр олимпиадасы (Т. Осмоновдун «Керез» спектакли, шамандын ролу)

·        2003 — Ялта шаарында (Россия) өткөн эл аралык телетасмалар фестивалы (Г. Базаровдун «Каракыз» тасмасы, Шамбеттин ролу, тасма кинофестивалдын «Гран-при» сыйлыгына татыктуу болгон)

·        2006 — Уфа шаарында (Россия) өткөн «Туганлык» түрк тилдүү элдер театрларынын фестивалы (К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык-драма театры)

·        2012 — Конья шаарында (Түркия) өткөн «Туганлык» түрк тилдүү элдер театрларынын фестивалы (Кыргыз улуттук академиялык Т.  Абдумомунов атындагы драма театры)

·        2013 — Алма-Ата шаарындагы Кыргызстандын Казакстан Республикасындагы маданият күндөрү

·        2013 — Баку шаарындагы (Азербайжан) ТҮРКСОЙ эл аралык театр форуму

·        2014 — Казань шаарындагы (Россия) ТҮРКСОЙ эл аралык театр форуму