АУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:59, 28 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АУК (тажикче аук ‒ чакан суу маанисинде) ‒ Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Кеӊеш айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 7 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. 1932-жылы негизделген. Деӊиз деӊгээлинен 795 м бийиктикте. Калкы 3 262 (2022); негизинен тамекичиликте жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, маданият үйү ж. б. бар.