АЮУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЮУЛАР (Ursidae) ‒ сүт эмүүчүлөр классынын жырткычтар түркүмүнүн тукуму. Алп денелүү зор айбан. Башы чоӊ, тумшугу узунураак. Буттары беш манжалуу, күчтүү, тырмактары ичине кирбейт. Куйругу кыска. Жүнү жыш, калыӊ; тиштери чоӊ, жыт билүүсү жакшы өрчүгөн. Географиялык шарттарга ыӊгайлашып жашоосуна карай ак, кара, күрөӊ түрлөргө бөлүнөт. Алар чөлдө, бийик тоодо, тропик токойлордон Арктикага чейин таралган. Европа, Азия, Кавказ, Орто Азиянын тоолуу жерлери менен токойлорунда кездешет. Кыргызстанда эӊ чоӊ күрөӊ аюу жашайт. Аюулардын кууту июнь айында башталат. Октябрда чээнге кирет, чээнде 1‒5 мамалак тууйт. Аюулардын саны кескин азаюуда, көп өлкөлөрдө коргоого алынган.