БАДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:47, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАДА ‒ уйлардын жайытка багылуучу тобу. Жайытка айдаардын алдында зоотехника-ветеринариялык кароодон өткөрүлүп, жашына, эркек-ургаачысына жараша инек жана туут кунажын, торпок, этке төгүлчү уй, 6‒12 айлык музоо-торпок (эркек-ургаачысы өзүнчө), 2‒6 айлык музоолор өзүнчө Бадаларга бөлүнүшү керек. Бадалардагы уйдун саны зоотехникалык эрежелерге, жер шартына жараша болот.