АНИЗОТРОПИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:17, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНИЗОТРОПИЯ (гр. anisos – барабар эмес жана tropos -багыт) – чөйрөнүн физикалык (механикалык, оптикалык, магниттик, электрдик ж. б.) касиеттеринин ар түрдүү багыттар боюнча бирдей эместиги. 1669-ж. ачылган. Бардык кристаллдар анизотропия касиетине ээ. Анизотропия чөйрөнүн ички түзүлүшүнө, кристаллдын түзүлүшүнө байланышкан. Кристаллдын физикалык касиетинин анизотропиясы алардын симметриясына байланыштуу жана канчалык симметрия тартиби төмөн болсо, анизотропия ошончолук күчтүү болот. Мисалы, жарык куб торчолуу кристаллдан тышкары башка кристаллдар аркылуу өткөндө поляризацияланып, жарык нурунун экиге ажыроосу байкалат. Ар түрдүү багытта поляризация бирдей эмес болот. Гексогонал, тригонал жана тетрагонал симметриялуу кристаллда нурдун экиге ажыроосу симметриянын негизги огуна перпендикуляр багытта абдан жакшы байкалат; торчосу куб болгон жез кристаллынын кырларынын багыты боюнча чойсок, анын үзүлүүгө каршы бышыктыгынын чеги 1,5-10 1,5-108 Н/м2; ал эми куб диагоналынын багыты боюнча аткарылса бышыктык чек – 3,5-10108Н/ж2ка барабар. Анизотропия серпилгичтүүлүк кубулушунда, жылуулук жана электр өткөрүү, катуу нерсенин үн жана жарык таратуусунда, ошондой эле жутуусунда байкалат.