АСМАН МЕХАНИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ астрономиянын бир бөлүмү; ал жалпы гравитациялык талаада Күн системасындагы нерселердин (телолордун) кыймылын изилдейт. Айрым учурда гравитациялык күчтөрдөн тышкары реактивдүү күчтөр, нурлануу басымы, чөйрөнүн каршылыгы, массанын

өзгөрүшү ж. б. факторлор да эсепке алынат. А. м-нын илим катарында өнүгүшүн кеӊейтип, фр. окумуштуусу П. Лаплас 1798-ж. чыккан «Асман механикасы жөнүндө трактат» деген эмгегинде анын ил. маанисин көрсөтүп, А. м. деп атоону илимге 1-болуп киргизген. 19-к-да нем. К. Гаусс ж. б. илимпоздор кичине планеталар м-н кометалардын орбиталарын эсептеп, кыймыл теориясын үйрөтүүнү өнүктүрдү. Ай кыймылынын так гравитация теориясын жүргүзүлгөн байкоолор м-н салыштырганда Жердин бир калыпта эмес кыймылы аныкталган. А. м-нда Жер м-н Айдын кыймылы да изилденет. 20-к-да америкалык астроном Э. Браун Ай кыймылынын гравитация теориясын ачкан. Анын негизинде Уран планетасынын кыймылын изилдөө Нептун (1846) ж-а Плутон (1930) планеталарын ачууга алып келген. А. м-нын жаӊы бөлүмү болуп Күн системасын дагы нерселердин кыймылындагы салыштырмалуулуктун жалпы теориясынын натыйжаларын эсепке алуучу релятивдик А. м. эсептелет.