АНТРАЦЕН
Jump to navigation
Jump to search
АНТРАЦЕН, С14Н10 – конденсацияланган ароматтык углеводороддор. Түссүз кристалл, балкып эрүү t 216,6°С, кайноо t 351°С, органикалык эриткичтерде аз эрийт; эритмеси кызгылт көк. Техникада антрацен таш көмүр чайырынын 300-350°Сде кайноочу фракциясынан бөлүнүп алынат. Синтездик жол менен Фридель-Крафтс же Фиттинг реакциясынан, ошондой эле антрахинонду калыбына келтирүүдөн алынат. 1-жолу 1832-ж. таш көмүр чайырынан табылган. Антрацендин мезо-көмүртек атомдору реакцияга оңой кирет, анын кычкылданышынан антрахинон алынат.