АМИНДӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:43, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМИНДӨӨ - түрдүү органикалык бирикмелердеги суутектин же башка элементтин атомун же атомдордун топторун амин тобуна (NH2) алмаштыруу реакциясы. Реакция белгилүү шарттарда аммиактын таасири менен жүрөт. Аминдөө реакциясынан баштапкы заттарга жараша ар кандай бирикмелер алынат. Галогеналкандарды аммиактын спирттеги эритмеси менен ысытканда биринчилик, экинчилик, үчүнчүлүк аминдеринин аралашмасы жана аммонийдин төртүнчүлүк туздары пайда болот. Галогенкарбон кислоталары аммиак менен кошулганда амин кислоталарын, ал эми галогенангидриддер аммиак менен реакцияга кирип амиддерди пайда кылат. Аминдөө реакциясына, ошондой эле спирттер, кетондор, альдегиддер ж. б. кирет.