АМИ БИ –

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:32, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМИ БИ – кытай булактарында эскерилген кыргыз өкүмдарларынын (министр) бири. Айрым кытай булактарында Ами би «Ами бэй» түрүндө да берилет (кээ бир илимпоздор ысымдын экинчи муунундагы «би» сөзү «бий» маанисин туюнтат деген пикирде). Кытай булактарында - Кыргыз мамлекетинде улуу кол башчы Циси би (Гйеси бэй), мансап даражасы жагынан кийинкиси Цзюйшабо би (Гюйшабобэй), андан аркысы Ами би алар өлкөнү чогуу башкарышат, – деп айтылат. Ами би жана анын бийлик өнөктөштөрүнүн Кыргыз мамлекетин кайсы мезгилде башкарышкандыгы тууралуу маалымат жок. Анткен менен кытай булактарынын даректи баяндоо мезгилине карап, бул үч адамдын бийлик жүргүзгөн учуру 7-кылымдын орто чени – деп божомолдоого болот.
М. Кожобеков.