АЛЬПИНИЗМ
АЛЬПИНИЗМ – тоо чокусуна чыгууга негизделген спорт түрү. Батыш Европадагы Альп тоо системасынын аталышынан келип чыккан. Альпинизм тоо чокусуна чыгууда рельефтик жана климаттык тоскоолдуктарды атайын тех. ыкмалардын жардамы менен жеңүү. Мындай тоскоолдуктарга аска, мөңгү, муз жана кар жантаймалары, чокунун абсолюттук бийиктиги, өтө сууктугу, шамал, жаап турган кар ж. б. кирет. Спорттук мелдештин
Таблица.8000 метрдикчокуларга чыккан алгачкы альпинисттер.Чокулар | Бийикт.,
м
|
Жайгашкан
жери
|
Альпинисттер | Экспедицияны уюштурган өлкө | Дата |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Эверест | 8848 | Непал | Э. Хиллари, Н. Тенсинг | Улуу Британия | 29.5.1953 |
Чогори (К-2) | 8611 | Пакистан | Италия | 31.7.1954 | |
Канченжанга | 8586 | Индия – Непал | Дж. Бенд, Н. Харди, Д. Браун, Т. Стритер | Улуу Британия | 25.5.1955 |
Лхоцзе | 8516 | Непал | Э. Райс, Ф. Лухзингер | Швейцария | 18.5.1956 |
Макалу | 8463 | Непал | Ж. Бувве, JI. Террей, Г. Маньон,Ж. Кузи, П. Леру, С. Купе, Ж.Франко, А. Виалат, Н. Гиальсен | Франция | 17.5.1955 |
Чо-Ою | 8201 | Непал | Г. Тихи, 3. Иохлер, Пасанг ДаваЛама | Австрия | 19.10.1954 |
Дхаулагари | 8167 | Непал | А. Шельберг, Э. Форрер, К. Дим-бергер, Ньима Дорье, НавангДорье, П. Диннер, М. Воше, X.Вебер | Швейцария | 13.5.1960 |
Манаслу | 8163 | Непал | Т. Иманиши, Гиальсен Q, М. Хи-гета, К. Като | Япония | 9.5.1956 |
Нангапарбат | 8125 | Пакистан | Г. Буль | Австрия | 3.6.1953 |
Аннапура | 8091 | Непал | М. Эрцог, Л. Лашеналь | Франция | 3.6.1950 |
Хидден-Пик
(Гашербрум I)
|
8068 | Пакистан | П. Шенинг, Э. Кауфман | АКШ | 5.7.1958 |
Броуд-Пик | 8047 | Непал | М. Шмук, К. Димбергер, Г. Буль,Ф. Винтерштеллер | Австрия | 9.6.1957 |
Гашербрум II | 8035 | Пакистан | Ф. Мрравец, Г. Вилленпарт, 3. Ларх | Австрия | 7.7.1956 |
Шишабангма | 8013 | Кытай | Хсу Чинг | Кытай | 02/05/64 |
объектиси – чокунун бийиктиги, техникалык татаалдыгы, маршруттун мүнөзү. Альпинизм 3 багытта (үйрөнчүк, спорттук жана колдонмо) өөрчүйт. Альпинист жакшы физикалык даярдыкта болуп, мелдеште табият тоскоолдуктары (тоо, бийиктик, аба ырайы) менен күрөшөт. Альпинизм шаймандары эки топко бөлүнөт: 1) жеке колдонулуучу шаймандар: күндөн коргоочу көз айнек, топу, күрмө, кол кап, кап жууркан, ийин баштык, чылбыр жип, коопсуздукту камсыз кылуучу кур, муз-таш чапкыч, балка, айсбайль, темир туяк; 2) топтук шаймандар: жоон аркан, ичке аркан, чатыр, илгич темир (карабин), таш, муз чукулдугу, кыскычтар, тепкичтер (шатылар), примус, радиостанция ж. б. 1786-жылы француз Ж. Бальмер жана М. Г. Паккар Батыш Европанын Монблан чокусуна чыккандан баштап Альпинизм өнүгө баштаган. Альп тоолорун изилдөө үчүн 19-кылымдын орто ченинде Англияда (1857), Италияда (1862), Швейцарияда (1863), Францияда (1874) альпинисттик клубдар ачылган. Алгач 8000 мдик Гималай тоосундагы Аннапура чокусуна француздук альпинисттер М. Эрцог жана Л. Лашеналь чыккан (1950). Альпинисттик Ассоциациялардын эл аралык союзу 1932-жылы негизделген. Кыргызстанда альпинизм мектеби 1936-жылы Жети-Өгүздө уюшулуп, ошол эле жылы альпинисттер 1-жолу Ала-Арча капчыгайындагы Комсомолец чокусуна (4140 м) чыгышкан. Кыргызстандын көрүнүктүү альпинисттери В. М. Рацек, Б. Р. Маречек, К. Байгазинов, А. Чойбеков, А. Мендикулов, анын ичинде Бондаренко, А. Маматкаимов , Эдуард Кубатов ж. б. Кыргызстанда биринчи болуп Альпинизм боюнча спорт чебери наамын 1940-жылы В. Рацек алган. Кыргызстанда эл аралык мелдештер дайыма өткөрүлөт. Аларга жаш альпинисттердин эл аралык Май альпиниадасы, Кан-Тоого (Кан-Теңириге) ылдамдык менен жалгыз чыгуу боюнча эл аралык мелдеш, улуттук альпинизм федерацияларынын Президенттери үчүн Түндүк Эңилчек мөңгүсүнө (5000 м бийиктикке) чыгуу мелдеши кирет. 1995-жылы Ак-Суу, Чоң Алайдагы альп лагерлерге чет өлкөлөрдөн 642 альпинист келип, бийиктиктерди багындырган.