АЛЬГАМБРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:43, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬГАМБРА (арабча аль-хамра – кызыл) – Испаниядагы Гранада шаарына жакын Сьерра-Невада тоосунун боорундагы аксарай комплекси. Арабдардын Гранада эмиратынын башкаруучулары үчүн (13-кылымдын ортосу – 14-кылымдын аягында) курулган. Альгамбра – мавритан архитектурасынын эң көрүнүктүү үлгүсү. Мирттер аянтчасы менен арстандар аянтчасынын айланасына жайгашкан кооз жасалгалуу залдардан турат. Ошондой эле Карл 5-нин чала курулган сарайы бар (1526). Альгамбранын архитектурасынын көркөмдүгү, кереметтүү түзүлүшү, жасалгасы жөнүндө уламыш кабарлар орто кылымда эле дүйнөгө тараган. Альгамбра Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.


Арстандардын ордосу.