АЛЫМОВ Бектурсун

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:37, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМОВ Бектурсун (Бек) (25. 8.1930, Чүй облусу, Панфилов району, Чорголу айылы – 28. 10. 1998, Бишкек) – публицист, педагогика илимдеринин доктору (1994), КРдин эмгек сиңирген мугалими (1983), Кыргызстан жазуучулар жанa журналисттер союздарынын мүчөсү. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын (1951), Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (1955) бүтүргөн. Ош облусунун Ноокат, Араван, Жалал-Абаддагы Ноокен райондорундагы мектептерде мугалим, директор, Кыргыз мамлекеттик университетинде ага окутуучу, доцент, профессор (1986). Ал кыргыз адабиятын окутуу методикасынын пайдубалын түптөгөн белгилүү илимпоздордун бири. Көптөгөн адабий-теориялык жанa методикалык эмгектерди жаратып, өз чыгармачылыгы аркылуу окурмандын философиялык-педагогикалык ой-дүйнөсүнүн, жалпы маданиятынын жогорулашына чоң салым кошкон. Анын калеминен 200дөй илимий эмгектер, окуу китептери жаралган. Орто мектептердин 7-8-9-класстары үчүн кыргыз адабияты боюнча программалардын, окуу китептеринин жанa методикалык эмгектердин автору. Б. Алымовдун «Шакиртиме кат» (1981) аттуу көркөм публицистикасы жазылып, «Жараланган жүрөк» фильм-спектакли тартылган. «Өмүр элестери», «Күүнүн сыры» драмалары элдик театрларда коюлган. Бишкек шаарындагы № 39 мектепке анын ысымы берилген.
Эмг.: А.Токомбаевдин чыгармаларын мектепте окутуу. Ф., 1965, 1976; Жогорку класстарда жазуу жумуштарын жүргүзүунүн айрым маселелери. Ф., 1968; Кыргыз совет адабиятын окутуунун айрым маселелери. Ф., 1972; Кыргыз совет адабиятын окутуунун методикасы (жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу китеби.) Ф., 1981; II китеп, Ф., 1991. С. Иптаров.