АЛМА кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:25, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМА‒ Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Шайдан айыл аймагынын борбору. Алма каналынын жээгинде. Райондун борбору Масы кыштагынан 6 км түндүк-чыгыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 46 км аралыкта. Деӊиз деӊгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 099 (2022). Негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто, негизги, жардамчы мектептер, бала бакча, амбулатория бар.