АЙБЕК кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙБЕК – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Зулпуев атындагы айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 7 км чыгыш тарапта, Ош темир жол бекетинен 43 км. Деңиз деңгээлинен 1400 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2 359 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп бар.