АЛЛЕРГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЛЕРГИЯ́ - (гр. allos ‒ башка, ergon ‒ таасир) ‒ организмдин айлана-чөйрөдөгү түрдүү заттарга ‒ аллергендерге өзгөчө сезгичтиги. Аллергиялык оорулар (бронх астмасы , поллиноз , бөрү жатыш, дерматиттер , дарыдан жана тамак-аштан болгон аллергиялар) дүйнөдө кеӊири таралган. Буга антибиотиктерди ж. б. дары-дармектерди көп пайдалануу, химиялык өнөр жайдын тез өсүшү, синтездик материалдардын, боёктордун, кир кетиргичтердин ж. б. турмуш-тиричиликке керектелүүчү химиялык заттардын көбөйүшү себеп болот. Жөнөкөй химиялык заттардан тартып, эӊ татаал (белоктор, полисахариддер) бирикмелерге чейин аллерген болушат. Организмге сырттан таасир этүүчү (экзогендик) жана организмдин ичинде пайда болгон (эндогендик) аллергендер бар. Экзогендик аллергендер инфекциясыз (чаӊ, жүн, дары-дармек, өсүмдүк чаӊчасы, химиялык заттар, тамак-аш) жана инфекциялуу (бактериялар, вирустар, козу карындар) болуп бөлүнөт. Аллергендер организмге киргенде ага жооп иретинде аллергиялык реакция пайда болот. Аллерген биринчи жолу организмге киргенде ага сезгичтик жогорулап, сенсибилизация абалы башталат, ошондой эле аллергенге каршы антитело пайда болот. Аллерген организмге кайталап киргенде аллергиялык реакция, биохимиялык процесстер жүрүп, орган клеткаларын бузуп, аллергия оорусуна алып келет.