АЛИЕВ Чыныбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛИЕВ Чыныбек Тукешович (15. 1. 1961, Ысык-Көл облусу, Тоӊ району, Төрткүл айылы ‒ 5. 5. 2004, Бишкек) ‒ милициянын генерал-майору.

АЛИЕВ70.png

Бишкек финансы-экономика техникумун (1978), КМУнун юридика факультетин (1991) бүткөн. 1978‒91-жылдары Тоӊ райаткомунда текшерүүчү, экономист, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө инспектор, улук оперуполномочен, кылмыш издөө бөлүмүнүн начальниги, 1991‒95-жылдары ИИМдин региондор аралык башкармалыгында улук оперуполномочен, 2-бөлүмдүн начальниги, экономикалык кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгында 3-бөлүмдүн начальниги, 1995‒2004-жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кызматтык кылмыштар менен күрөшүү башкы башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын ИИМинин Даӊк мемориалына ысымы жазылган. «Эрдик» ж. б. медалдар менен сыйланган.