АЗОТ ТОПТООЧУ МИКРООРГАНИЗМДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:43, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОТ ТОПТООЧУ МИКРООРГАНИЗМДЕР – абадагы молекулалык азотту сиңирип, азот бирикмеле­рине айландыруучу микроорганизмдер. Буга татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр менен симбиоздо жашаган бактериялар, топуракта эркин жа­шоочулар да кирет. Азоттун табиятта айланы­шында жана топуракты, көлмөлөрдү азот кошул­малары менен байытууда алардын мааниси чоң (симбиоздук бактериялар жылына 1 га топуракта 200‑300 кг, симбиоздук эместер 15‑30 кг азот топтойт). Булардын тиричилигинин натыйжасында молекулалык азоттон (N2) аммиак (NH3) пайда болот. Ал эми аммиактан синтезделген амин кислоталарды өсүмдүктөр пайдаланат. Топуракта, сууда эркин жашаган микроорганизмдерге азот жана анаэробдук бактериялар – клостридум, метан кычкылдандыруучу бактериялар, кызыл ­күкүрт жана жашыл күкүрт бактериялары кирет. Көк жашыл бактериялардын көбү, кээ бир козу карындар, ачыткылар, спирохеталар да азот топтойт. Симбиоздук азот топтоочуларга чанактуу өсүмдүктүн (буурчак, беде, уй беде, люпин ж. б.) тамырларында жашоочу түймөк бактериялары кирет. Ошондой эле түймөкчөлөр ольха, жийде ж. б. өсүмдүктүн тамырында да жашап, азот бирик­мелерин топтойт.