АРИФМЕТИКАЛЫК ПРОГРЕССИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:53, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИФМЕТИКАЛЫК ПРОГРЕССИЯ (лат. progressio – өсүү) – сан удаалаштыгы, анын ар бир кийинки мүчөсү мурдакысына Арифметрикалык прогрессиянын айырмасы деп аталган, кандайдыр d турактуу санын кошуу менен алынган сан катары. Ap бир Арифметикалык ппрогрессия a, a+d,a+2d,a+3d,... түрүндө жазылат, жалпы мүчөсү аn = а + (n - 1) d. Арифметрикалык ппрогрессияны мүнөздөөчү формула:

Эгер d > 0 болсо, анда Арифметикалык прогрессия өсүүчү, эгер d < 0 болсо, кемүүчү деп аталат. Арифметикалык пролгрессиянын эң жөнөкөй мисалы болуп 1, 2, .., n,... натуралдык сандардын катары эсептелет. Арифметикалык прогрессиянын мүчөлөрүнүн саны чектүү же чексиз болушу мүмкүн. Эгер Арифметикалык прогрессия n мүчөдөн турса, анда анын мүчөлөрүнүн суммасы төмөнкү формула менен чыгарылат: