АЮУ-ТАПАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:28, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЮУ-ТАПАН ‒ Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Жошолу айыл аймагына караштуу. Жошолу суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1920 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 30 км чыгыш тарапта, Ош темир жол бекетинен 130 км. Калкы 1335 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.