АКУСТИКАЛЫК ПРОЦЕССОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:07, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК ПРОЦЕССОР‒ жарыктын акустикалык модуляциясынын жардамы менен оптикалык нурланууну – убакыттык м о д у л я ц и я л о о ч у оптикалык процессор. Мындай процессорлор маалыматты иштеп чыгууну чыныгы убакыт бирдигинде жана кеӊ жыштык диапазонунда (10 ГГцке чейин) камсыз кылат жана маалыматты оптикалык иштеп чыгаруучу түзүлмөлөрдө колдонулат.