АКУСТИКАЛЫК ОПТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК ОПТИКА ‒ оптиканын электр-магниттик толкундардын катуу жана суюк заттардагы үн толкундары менен өз ара аракеттешүүсүн үйрөтүүчү бөлүмү. Көпчүлүк акустикалык оптика түзүлүшүнүн иштөөсү ультраүндө жарыктын дифракция кубулушуна негизделген. Дифракцияланган жарыктын кыйшаюу бурчу үндүн толкун узундугуна көз каранды. Кабыл алынуучу үндүн жыштыгын өзгөртүү менен ошол бурчту каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул принциптин негизинде акустикалык оптика дефлектор жана сканерде колдонулат. Жарыктын үн менен өз ара аракеттешүүсү когеренттүү жарык нурлануусун башкаруу үчүн оптикада, электроникада, лазер техникасында кеӊири пайдаланылат, ошондой эле жарык сигналынын амплитудасын, поляризациясын, спектр түзүлүшүн жана жарык нурунун таралуу багытын башкарууга болот. Негизги нур менен дифракция нурунун арасында энергиянын бөлүштүрүлүшү үндүн интенсивдүүлүгүн өзгөртүү менен башкарылат. Бул эффект жарык агымынын интенсивдүүлүгүн башкаруучу акустикалык модулятордо пайдаланылат.