АКУСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКА (гр. akustikоs ‒ угуу) — физиканын үндү изилдөөчү бөлүгү. Төмөнкү термелүү жыштыгынан эӊ жогорку термелүү жыштыгына (1012«1013 Гц) чейинки серпилгич термелүүлөрдүн, толкундардын дүүлүгүшүн (пайда болушун), таралуу процессин, зат менен өз ара аракеттешүүлөрүн жана алардын түрдүү тармакта колдонулушун изилдейт. Б. з. ч. 6-кылымда эле Пифагор музыкалык аспаптын кылынын же түтүктүн узундугу менен угулуучу үн толкунунун бийиктигинин ортосунда байланыш бар экенин байкаган. Аристотель үн чыгаруучу нерсе абаны кысып жана сейректете турганын тажрыйбада аныктап, жаӊырыкты физикалык жол менен түшүндүргөн. Г. Галилей үн бийиктиги менен термелүү жыштыгынын ортосундагы байланышты, М. Мерсенн үндүн абада таралуу ылдамдыгын аныкташкан. 18-кылымда Л. Эйлер, Д. Бернулли жана Ж. Д'Аламбер өзөк, пластинка жана музыкалык аспаптын кылдарынын термелүүсүнүн толук теориясын түзүшкөн. 19-кылымда Г. Гельмгольц адам жана музыкалык үндөрдүн табиятын түшүндүргөн, угуучу аппаратка окшоштуруп кулактын физикалык теориясын иштеп чыккан. 20-кылымга чейин акустика механиканын бөлүмү катары өнүгүп келген. Механикалык термелүүнүн, үн чыгаруунун жана үн толкунунун чөйрөдө таралуусунун жалпы теориясы түзүлгөн, үн басымын, энергиясын жана таралуу ылдамдыгын өлчөө ыкмалары иштелип чыккан. Радиотехника, радио уктуруунун өркүндөшү менен 20-кылымдын 20-жылдарында акустиканын өнүгүшүнүн жаӊы доору башталган. Ал кездеги радиотехниканын электрмагниттик энергияны үн энергиясына өзгөртүп кайра түзүү ыкмалары жаӊы аппараттарды жасоону талап кылды. Жалпы жана теориялык акустикада серпилгич толкундардын түрдүү чөйрөдө нурлануу, таралуу жана кабыл алуу закон ченемдери, ошондой эле алардын чөйрө менен өз ара аракеттенишүүлөрү изилденет. Акустиканын тармактарына электр акустикасы, архитектура акустикасы, курулуш акустикасы, атмосфера акустикасы, геоакустика, гидроакустика, ультраүн физикасы жана техникасы, психологиялык акустика, физиологиялык акустика жана музыкалык акустика кирет.

Ад.: Исакович М.А. Общая акустика. М., 1973.