АФГАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АФГАН ‒ Батыш Памирге жана Амударыянын жогорку өрөөнүнө түштүк-батыштан же түштүктөн (Афганстан жактан) соккон жергиликтүү керимсел (кургак) шамал. Жылына 40‒70 күн (Термезде) согот. Айрым мезгилдерде Алай өрөөнүнө жана Синьцзян түздүктөрүнө чейин жетет. Шамал өтө чаӊдуу келип, чарбага көп зыян келтирет.