АТМОСФЕРА БАСЫМЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРА БАСЫМЫ ‒ атмосферадагы абанын жер бетине жана андагы бардык нерсеге болгон гидростатикалык басымы. Атмосфера басымы ‒ атмосферанын абалын мүнөздөөчү негизги чоӊдук, атмосферанын ар бир чекитиндеги басым анын жогору жагындагы абанын салмагы менен аныкталат. Бир литр абанын салмагы 1,2928 г, ал 1 см2 аянтка 1033 г басым жасайт. Атмосфера басымы барометр же гипсотермометр менен өлчөнөт. Ал миллибар (мбар), ньютондун чарчы метрге болгон катышы (н/м2) же 0°Сге келтирилген барометрдеги сымап мамычасынын бийиктиги (760 мм) жана оордук күчүнүн ылдамдануусунун нормалдык (деӊиз деӊгээлинен жана 45° кеӊдик боюнча) чоӊдугу менен туюнтулат. Кабыл алынган нормалдуу атмосфера басымы 760 мм сым. мам. =1013,25 мбар =101325 н/м2. Бийиктик жогорулаган сайын атмосфера басымы азая берет: 5 км бийиктикте атмосфера басымы жер бетиндегиден эки эсеге аз. Ал жер бетинде ар кайсы жерлерге жана убакытка жараша өзгөрүп турат. Бирок түрдүү өзгөрүүлөргө (циклон ж. б.) карабастан, жер бетиндеги жылдык орточо атмосфера басымы бир калыпта болот. Деӊиз деӊгээлиндеги бийиктикте байкалган эӊ төмөнкү басым 584 мм, эӊ жогорку 808,7 мм.