АКСЕЛЕРОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search


АКСЕЛЕРОМЕТР (лат. accelero ‒ тездетем жана ... метр) ‒ транспорт машинелерин, кыймылдаткычтарды ж. б. сыноо учурунда, космостук учуучу аппарат, ракета, самолёт ж. б. кыймылга келүүчү объектилерде пайда болгон ылдамданууну өлчөөчү прибор. Кыймылдын түрүнө жараша ал сызыктуу жана бурчтук; иштөө принциби боюнча механикалык, электр-механикалык; арналышы боюнча ылдамданууну өлчөгүч акселерометр деп айырмаланат.