АКРИЛНИТРИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКРИЛНИТРИЛ, в и н и л ц и а н и д, СН2=СН-CN ­ – бирикме, акрил кислотасынын нитрили, мол. м. 53,06, кескин жыттуу, түссүз, ууландыргыч суюктук, кайноо t 77,3°С. Аба менен Акрилнитрилдин 3,05 жана 17,0% көлөмдөгү кошулмасы жарылгыч. Суу, бензол, метанол, СС14 менен азеотроптук ко­шулманы, оңой полимерленип полиакрилнит­рилди пайда кылат. Бутадиен, стирол, винилх­лорид ж. б. менен сополимерлешүү реакциясына кирет. Өнөр жайда пропилен менен аммиактын аралашмасын катализатор менен кычкылданды­руудан жана ацетиленге синил кислотасын таасир кылуудан алынат. Ал полиакрилнитрил була­сын, бутадиеннитрил каучугун, цианэтил ж. б. өндүрүүдө колдонулат. Акрилнитрил денени дүүлүктүрөт, териге оңой сиңет, анын уулантуу таасири циа­ниттерге окшош.