АК КУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК КУУЛАР (Суgnus) – каз сымалдар түркүмү­нүн өрдөктөр тукумундагы уруу. Өңү демейде ак. Узундугу 150 смгe чейин, моюнунун узундугу денеси­нин узундугуна барабар же андан да ашат. Чум­кушпайт, суу түбүндөгү жемине жете турган суусу тайыз жерлерди байырлайт. Ак куулардын 6 түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн аймактарында 3 түрү (ышылдак, куркулдак куу жана кидик куу) кездешет. Ал кооз куш, анын кара түстөгү тү­рү - кара куу (С. atrata) да бар. Кара куунун мекени – Австралия, Тасмания ж. б. Экиден жупташып, көп жыл бою жашашат. Уясына 2–5 жумуртка тууп, аларды эркеги менен ургаачы­сы алмак‑салмак басып чыгарат. Өсүмдүк менен азыктанат. Аларга аңчылык кылууга тыюу са­лынган. Кыргызстанда ышылдак жана куркулдак куулар Кызыл китепке катталган.