АСАН-ҮСӨН МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:27, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСАН-ҮСӨН, Kapa-Cyy мөңгүсү – Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Каравшин суусунун (Исфара суусунун куймасы) алабынан орун алган. Узундугу 7 км, аянты 6,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3040 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3800 м, абляциясынын аянты 5,0 км2, анын 3,9 км2 морена менен капталган. Куралуу облусу кенен, «тили» кууш. Мөңгүдөн башталган Kapa-Cyy Ак-Сууга кошулуп, Каравшин суусун (Исфаранын оң курамы) түзөт.