АРKАP ОТУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКАР ОТУ (Dracocephalum) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп. Тамыр-сабактуу, сабактары 10-30 см, төрт кырдуу, тик же жерге төшөлүп өсөт. Жалбырактары узун же кыска саптуу. Түндүк Америкада, Азияда, Европада кеңири таралган. Кыргызстанда 16 түрү өсөт. Аркар оту – балдуу өсүмдүк. Нектары

АРKАP ОТУ 3.png


тунук, түссүз, лимон жыттуу, канттуулугу 60%ке жетет. Айрым түрлөрү дары-дармек алуу ж-a кооздук үчүн өстүрүлөт.