АРЧАГУЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:48, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЧАГУЛ – Талас облусунун Кара-Буура районундагы кыштак. Шекер айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 50 км түштүк-батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 22 км. Деңиз деңгээлинен 1150 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1477 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, ФАП бар.