АЛТЫСАР УЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫСАР УЛУСУ, Алтын зархы – 17–18-кылымдагы енисейлик кыргыздардын башкаруусундагы аймак. Алтысар улусу Кыргыз жеринин түндүгүндөгү Июс жана Теңир-Көл өрөөндөрүндө жайгашкан. Орус документтеринде алтысарлыктарды (алтынсары) Енисейдин төмөнкү агымында жашаган «төмөнкү кыргыздар», «кичүү кыргыздар» деп аташкан. Монгол жеңип алууларынан баштап, кыргыз жериндеги саясий борбор Абакан өрөөнүнөн түндүккө көчкөн. Ак жана Кара Июс дарыяларынын ортолугундагы жерлерде тектүү кыргыз бектеринин өргөөлөрү жайгашкан. Ошондон улам алтысарлыктар «Чоң кыргыздар» деген экинчи атка да ээ болушкан. Кыргыз улустары Кызыл, Шуй, Камлар, Ачин, Исар ж. б. аймактардан турган.
О.Каратаев.